
Лейлекте Раззаков шаардык кеңешинин 47 жаштагы депутаты майда бейбаштык жасоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, депутат мурдагы кудасын оозго алгыс сөздөр менен сөккөн, жана мурдагы кудасы анын үстүнөн арыз жазган. Райондук соттун чечими менен ал Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 суткага административдик камакка алынды.