
“Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемага байланыштуу 4 адам кармалды.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кармалгандардын катарында 42 жаштагы мурдагы төрага, 45 жаштагы мурдагы орун басар, тиешелүү компаниялардын биринин 37 жаштагы директору жана башка компаниянын 35 жаштагы мурдагы директору бар. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштеринин алкагында бардык жагдайлар жана башка тиешелүү адамдар аныкталып жатат.
Эскерте кетсек, Салык кызматы УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын жакындары мамлекеттик ишкананын кирешелерине ээлик кылган коррупциялык схемаларды иликтөө менен ачыктаган. Бул боюнча ИИМ кылмыш ишин козгогон.