
АКШ президенти Дональд Трамп Беларустун президенти Александр Лукашенкого жасаган иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул тууралуу өзүнүн Truth Social баракчасына жазды.
Трамптын айтымында, Лукашенко менен АКШ президентинин Беларус боюнча атайын өкүлү Жон Коул жолугушуп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 250 саясий туткун бошотулган.
Ошондой эле ал өткөн жылдын май айынан бери Лукашенко тарабынан бошотулган адамдардын саны 500дөн ашканын белгилеп, бул кадам үчүн ыраазычылык билдирип, “Тынчтык кеңешинин” кийинки жыйынында жолугушууну күтүп жатканын айтты.
Буга чейин Минск шаарында АКШ делегациясы менен сүйлөшүүлөр өткөн. Делегацияны Жон Коул жетектеген.