
Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы Кыргызстанда туризм тармагынан түшкөн киреше 1 миллиард доллардан ашты.
Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 8,1 пайызга жогорулады. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча туризмдин ички дүң продукттагы үлүшү 3,8 пайызды түзүп, жалпы кошумча нарк 74,4 миллиард сомго жеткен.
Учурда туристтик тармакта болжол менен 129 миң чарба жүргүзүүчү субъект иш алып барууда. Министрлик Кыргызстан Борбор Азиядагы атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик багыт катары өз ордун бекемдөө боюнча стратегиялык багытты ырааттуу ишке ашырып жатканын белгиледи.