
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленская Fox News телеканалына маек берип, учурда бийликте туруу жолдошу үчүн оор экенин айтты.
Ал ошондой эле Владимир Зеленскийдин келечекте шайлоого катышуу чечимине таасир эте албасын белгиледи.
«Бул чарчатат. Биз экөөбүз тең чарчадык. Эмне үчүн Украинадагы шайлоо орустар жана америкалыктар үчүн мынчалык маанилүү, бирок украиндер үчүн маанилүү эмес?» — деди ал.
Зеленский буга чейин Украинада шайлоо согуш аяктагандан кийин гана өтөрүн билдирип келет. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп Украинада шайлоо өткөрүү зарылдыгын айтып, Зеленскийди «диктатор» деп атаган.
Ошондой эле Орусия тарап учурда Украинанын мыйзамдуу бийлиги катары парламентти тааный турганын билдирип, Зеленскийди президент катары тааныбай келет.