
.
Кыргызстанда жеке ишкерлердин катышуусунда «Социалдык контракт» программасын ишке ашыруунун пилоттук долбоору башталат. Анын алкагында жумушсуз жарандарды расмий жумушка алган ишкерлерге ар бир кызматкер үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор чакан ишкердикти өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарындагы жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылууга багытталган.
Бир ишкер беш адамга чейин жумушка орноштура алат. Бөлүнгөн каражатка ишкердикти өнүктүрүү үчүн зарыл болгон жабдууларды, техникаларды жана башка активдерди сатып алууга болот.
Ишкерлер кандай талаптарга жооп бериши керек?
Долбоорго катышууда арыз берилген жылдын алдындагы жыл үчүн салык отчеттуулугу менен тастыкталган туруктуу кирешеси бар ишкерлерге артыкчылык берилет. Ошондой эле жумушчуларга жогору эмгек акы сунуштаган жана аларды кесиптик көндүмдөргө үйрөтүүгө даяр ишкерлерге басым жасалат.
Белгиленген талаптарга жооп берген ишкерлердин арасынан «Социалдык контракт» программасынын катышуучуларына артыкчылык берилет.
Долбоорго катышкан ишкерлер жумушсуз жарандарды окутуп, аларды расмий жумушка орноштурууга жана эмгек мыйзамдарын сактоого милдеттүү. Мындан тышкары, кызматкерлердин айлыгы тиешелүү административдик-аймактык бирдиктеги орточо айлык эмгек акыдан төмөн болбошу керек.
Долбоор кайсы аймактарда ишке ашат?
Пилоттук долбоор 12 айга эсептелген. Ал Бишкек жана Ош шаарларында, Каракол шаарында, ошондой эле Кадамжай районунда жүргүзүлөт.
Программага катышууну каалаган ишкерлер айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистерине же Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тиешелүү аймактык башкармалыктарына кайрыла алышат. Ал жактан катышуу шарттары, арыз берүү тартиби жана керектүү документтер тууралуу маалымат берилет.
Министрлик бул демилге ишкерлерди колдоо менен катар жумушсуз жарандардын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, расмий жумушка орношуусуна жана туруктуу киреше табуусуна шарт түзөрүн белгиледи.