
.
Президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо электрондук форматка өтөт
Кыргызстанда президенттик кызматка талапкерлерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу электрондук форматта жүргүзүлөт. Бул чечим бүгүн, 23-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.
Жыйында талапкерлерди колдогон колдорду чогултуу тартиби жана «Кол чогултуу» автоматташтырылган маалыматтык тутуму боюнча жоболор бекитилди.
Жаңы тартипке ылайык, шайлоочулар талапкерди колдоосун «Түндүк» мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу билдире алышат. Бул учурда шайлоочунун инсандыгы электрондук түрдө ырасталат.
Колдоо билдирилгенден кийин анын датасы жана убактысы менен кошо маалыматтар автоматтык түрдө маалыматтык тутумга катталат.
БШКнын маалыматына ылайык, электрондук форматка өтүү колдорду чогултуу жана эсепке алуу процессин автоматташтырып, кагаз документтерди азайтууга, убакытты үнөмдөөгө жана техникалык каталардын тобокелдигин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле талапкерлер чогултулган колдордун саны тууралуу маалыматты ыкчам алып, процесстин жүрүшүнө көз салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.







