
.
Окуу китептерин сатууга чыгаруу боюнча текшерүү жүрүп жатат
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдөгү мектептерди окуу китептери, жумушчу дептерлер жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор менен камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.
Жыйында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн алкагында окуу адабияттарын басып чыгаруу жана мектептерге жеткирүү маселеси талкууланды.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы окуу адабияттарын басып чыгарууга 855 млн сом жумшалып, мектептерге жалпы 4 млн 735 миң 870 даана окуу-методикалык комплекс жеткирилген.
2026-жылы бул максаттарга республикалык бюджеттен 744 млн сом каралган. Мындан тышкары, Агартуу министрлиги каражаттарды кайра бөлүштүрүү аркылуу дагы 16,2 млн сом бөлгөн. Бул каражатка 3 млн 668 миң 606 даана окуу материалы чыгарылат. Учурда анын 2 млн 455 миң 868 даанасы мектептерге жеткирилсе, 1 миллиондон ашык даанасы жеткирүү баскычында турат.
Касымалиев окуучуларды окуу китептери менен камсыздоо артыкчылыктуу маселе экенин белгиледи. Ошондой эле окуу китептеринин өлкө базарларында сатылып жатканы боюнча укук коргоо органдары текшерүү жүргүзүп жатканын айтып, мыйзам бузуу аныкталса тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.
Мындан тышкары, президенттин чечими менен окуучуларды окуу китептери менен камсыздоого зарыл болгон каражаттар бөлүнөрү айтылды.
Жыйынтыгында Агартуу министрлигине окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди даярдоо иштерин тездетүү, мектептердин китептер менен камсыз болушуна ай сайын мониторинг жүргүзүү жана бул багыттагы иштерди күчөтүү тапшырылды.



