
Министрлер кабинети «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө» токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан 26-июнда кол коюлган №439 токтомго ылайык, жалпы билим берүү уюму өзүнүн уставына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана билим берүүнү башкаруунун аймактык органы менен макулдашуу боюнча:
Жалпы билим берүү уюму билим берүү процессин мектептик билим берүүнүн үч деңгээлиний жалпы билим берүүчү программаларына ылайык жүргүзөт:
Окуучулардын окуу жүктөмү мамлекеттик билим берүү стандартында белгиленген жол берилген максималдуу ченемден ашпоого тийиш жана базистик окуу планында окуу предметтерин окутууга бөлүнгөн сааттардын санынан аз болбошу керек.
Сабактардын расписаниеси Министрлер кабинети тарабынан бекитилүүчү жалпы билим берүү уюмдарында окутуунун шарттарына жана уюштурулушуна карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык түзүлөт.
Жалпы билим берүү уюмдарында жол берилген окуу жүктөмүн эске алуу менен беш күндүк же алты күндүк окуу жумасы белгиленет.
Жалпы билим берүү мекемелеринде окуу жылы сентябрь айында башталат.
Жалпы билим берүүнүн I, II жана III деңгээлдеринде окуу жылынын узактыгы (мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоо мезгилин эсепке албаганда) кеминде 34 жуманы түзөт. Мында:
Окуу жылы ичиндеги каникулдардын узактыгы кеминде 30 календардык күндү, ал эми жайында — кеминде 14 календардык жуманы түзөт. Биринчи класстын окуучулары үчүн окуу жылы ичинде кошумча эки жумалык каникул, ал эми экинчи класстын окуучулары үчүн бир жумалык кошумча каникул каралган.
Биринчи жана экинчи класстарда сабактын узактыгы 40 мүнөттү, ал эми үчүнчү класстан он экинчи класска чейин 45 мүнөттү түзөт.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин — 11-июлда күчүнө кирет.



