
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары жана коноктору үчүн көчмөн элдердин улуттук тамак-аштары сунушталат.
Бул тууралуу оюндардын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, иш-чара учурунда тамак-аштын сапатына жана мазмунуна өзгөчө көңүл бурулууда.
"Ар кайсы жерде даярдалып сатылган жөнөкөй тез татымдардын ордуна көчмөн маданиятын чагылдырган азыктар сунушталат. Ири өндүрүш ишканалары да өз продукцияларын көчмөндөр тематикасына ылайыкташтырып даярдоого кызыкдар", — деди Максүтов.
Ошондой эле ал Кырчын жайлоосунда байыркы шаарлардын көрүнүшүн элестеткен атайын фуд-зона уюштуруларын маалымдады.