
Бишкектеги Киев көчөсү жакынкы 10 күндүн ичинде реконструкциялоо иштерине байланыштуу жарым-жартылай жабылат. Бул тууралуу шаар мэринин орун басары Рамиз Алиев билдирди.
Анын айтымында, көчө толугу менен жабылбайт. Реконструкциянын алкагында инженердик өтмөктөр жаңыланып, жылуулук тармактары алмаштырылат. Айрым кесилиштер унаа кыймылы үчүн ачык бойдон калат.
Буга чейин Бишкек мэриясы Киев көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү жаңыланарын маалымдаган.
Долбоордун жалпы наркы 5,5 миллион долларды түзүп, иштерди 2028-жылга чейин бүтүрүү пландалууда.