
сүрөт интернет булагынан колдонулду
Кыргызгидромет берген маалыматка ылайык, 8-майга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.
Ал эми күндүз Чүй, Ош жана Нарын облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Абанын температурасы боюнча маалымат төмөнкүдөй:
Чүй облусу — түнкүсүн +12…+17°, күндүз +28…+33°
Талас облусу — түнкүсүн +11…+16°, күндүз +26…+31°
Баткен облусу — түнкүсүн +13…+18°, күндүз +29…+34°
Ош облусу жана Жалал-Абад облусу — түнкүсүн +13…+18°, күндүз +29…+34°
Ысык-Көл облусу — түнкүсүн +7…+12°, күндүз +19…+24°
Нарын облусу — түнкүсүн +5…+10°, күндүз +22…+27°
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16°, күндүз +30…+32° болору күтүлөт.
Ал эми Чолпон-Ата шаарында да жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +8…+10°, күндүз +19…+21°