
Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусунун Араван районундагы Гүлбаар айылында Э. Кебекбаев атындагы жаңы мектептин ачылышына катышты.
Мурда авариялык абалда болгон эски имараттын ордуна 150 орундуу жаңы мектеп курулуп, азыр анда 320 окуучу эки нөөмөт менен билим алууда.
Жаңы эки кабаттуу имаратта заманбап окуу класстары, жыйындар залы жана окуучулардын өнүгүүсүнө шарт түзгөн кошумча бөлмөлөр каралган.