
2026-жылдын 9-апрелинде агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Австрияга болгон иш сапарынын алкагында туристтик билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Сапар учурунда ал бир катар алдыңкы окуу жайларды кыдырып, дуалдык билим берүү, практикага багытталган окутуу жана тейлөө тармагындагы даярдоо системалары менен таанышып, тиешелүү жетекчилер менен жолугушту.
Иш сапардын негизги максаты — Кыргызстандагы кесиптик билим берүү стандарттарын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү. Бул багытта Ысык-Көл облусунда, Ак-Суу районунда туристтик мектеп ачуу пландалууда.
Жаңы окуу жай туризм жана тейлөө тармагы үчүн адистерди даярдоого, кайра окутууга жана кыска мөөнөттүү курстарды уюштурууга багытталат.