
Нарын шаарында жаз-жай мезгилиндеги сел агымдарынын алдын алуу максатында 1600 метр канал казылып, сел өткөрүүчү арыктар тазаланат.
Шаар мэри Жылдызбек Беккелдиев тиешелүү кызматтар менен бирге кооптуу аймактарды жеринде текшерди. Планга ылайык РТС, Москва, Ак-Коргон жана Батыш аймактарындагы 8 көчөдө тазалоо иштери жүргүзүлөт.
Бул иштерге жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар даярдалган. Жалпы шаар боюнча 131 кооптуу аймак аныкталган.