
Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевди кызматка дайындаганы үчүн жоопкерчилик ала турганын билдирди.
Анын айтымында, экс-мэрдин жакшы иштери менен катар кемчиликтери да болгон. Айрыкча, объекттерди бузууда жарандар менен алдын ала макулдашуу жетишсиз болгонун белгиледи.
Президент учурда 700дөн ашык жаранга компенсация төлөнө электигин айтып, бул маселелер толук чечилерин кошумчалады.