
Өлкөдө 1-апрелден тарта биринчи класска барчу балдарды онлайн каттоо башталат. Ал эми каттоонун экинчи баскычы 1-июнда башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, биринчи этап 1-апрелде саат 10:00дө башталып, мектептин аймагына жакын жерде каттоосу бар балдар кабыл алынат. Экинчи этап 1-июнда башталып, бош орундарга каттоо болот.
Мектепке 2019 жана 2020-жылдары төрөлгөн балдар кабыл алынат. 8 жаштан улуу же документтери жок балдар атайын комиссиянын чечими менен кабыл алынары кошумчаланды.
Баланы 1mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу каттоо керек. Бул систем мамлекеттик гана мектептерге кабыл алуу үчүн иштелип чыккан.