
Ат-Башы районунун тургундары үчүн «Ак-Сай» жана «Арпа» жайлоолоруна өтүү тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде чек ара көзөмөлү жеңилдетилип, эми жарандар уруксат кагазсыз жана акы төлөбөстөн өтө алышат. Өтүү айыл өкмөтү түзгөн тизме жана өздүгүн тастыктаган документ аркылуу жүргүзүлөт.
Бул мүмкүнчүлүк Ат-Башы районунда туруктуу жашаган тургундарга гана тиешелүү. Ошондуктан жарандар алдын ала өз айыл өкмөтүндө каттоодон өтүшү керек.