
Бишкек шаарындагы №8 мектептин базасында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн кеңешме өткөрүлдү.
Жыйында мамлекеттик стандарттын аткарылышы боюнча мониторинг жыйынтыктары каралып, бала бакчалардын ишиндеги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды.
Өзгөчө көңүл билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүүгө жана педагогдордун кесиптик деңгээлин жогорулатууга бурулду.
Жыйынтыгында жетекчилерге мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишин жакшыртуу боюнча сунуштар берилди.