
Бишкектеги Бишкек жашыл курулуш питомнигинде ишембилик өткөрүлдү.
Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышып, аймакты көрктөндүрүү жана реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Учурда питомникте 20дан ашык түрдөгү 93 миңден ашык көчөт өстүрүлүп жатат. Мэр кошумча 50 миң көчөт сатып алуу боюнча тапшырма берди.
Ишембиликтин жүрүшүндө аймак тазаланып, тосмолор сырдалды. 2026-жылы шаар боюнча 20 миңден ашык дарак отургузуу пландалууда.