
Бишкек шаарында Мозолев көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түштү.
Өрттү өчүрүүгө саат 17:15те 5 күжүрмөн эсеп тартылып, кошумча түрдө ыкчам топ жана штаб ишке киришти.
Алдын ала маалыматтар такталып, өрттү өчүрүү иштери уланууда.