
Чүй облусунда 42 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу 13-апрелде облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБге 11-апрелде жаран кайрылып, шектүү анын ишенимине кирип, 3 млн 853 миң сомго бааланган малды карызга алып, акчасын кайтарып бербей жүргөнүн билдирген.
Бул факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүүнүн башка иштерге катыштыгы да текшерилип жатат.