
11–12-апрелде Армениянын Ереван шаарында өткөн самбо боюнча Дүйнө кубогунда Кыргызстандын курама командасы ийгиликтүү жыйынтык көрсөттү. Мелдешке 300гө жакын спортчу катышкан.
Жыйынтыгында спорттук самбодо Байэл Жакшылыков (79 кг) 2-орунду ээледи.
Күжүрмөн самбодо Бектен Эркебай уулу (88 кг), Бекболсун Керимбеков (98 кг), Таласбек Нуралиев (+98 кг) жана Акак Үсөн кызы (54 кг) 3-орундарды алышты.
Ал эми көрүүсү начар спортчулар арасында Азиза Туранова (54 кг) 3-орунга ээ болду.