
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чыңгыз Айдарбеков 13-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттык мандат берүү тууралуу расмий арыз тапшырганын билдирди.
Анын айтымында, БШК бир айдан ашык убакыттан бери расмий жооп бере элек. Ал 10-марттан тарта Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаты болуп эсептелерин белгилеген.
Белгилей кетсек, мурда №21 шайлоо округу боюнча депутат Кубанычбек Конгантиев мандатынан ажыратылып, анын ордуна Айдарбековдун келиши күтүлгөн. Бирок мандат берүү кечеңдеп, БШК муну тиешелүү органдардан маалымат күтүп жатканы менен түшүндүргөн.