
Бүгүн «Альянс Алтын» компаниясы маанилүү өндүрүштүк юбилейин — алтын өндүрүүчү фабриканын ишке киргизилгенине 5 жыл толгонун белгилеп жатат.
Ишмердүүлүк жылдарында компания Кыргызстандын бюджетине болжол менен 45,6 млрд сом которуп, өлкөнүн экономикасына олуттуу салым кошту. Бул көрсөткүчтөрдүн артында ишкананын туруктуу иши, заманбап технологияларды киргизүү жана өнөр жай коопсуздугунун жогорку стандарттарын сактоо турат.
Мындай жыйынтыктарга бүтүндөй жамааттын кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана макулдашылган биргелешкен иши аркылуу жетишилди.
«Альянс Алтын» командасынын бардык мүчөлөрүн юбилейи менен куттуктайбыз жана мындан аркы өсүштү, туруктуу өнүгүүнү жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!