
Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаменти Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында жеке ишкер Добутова Гулайымдын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ишкер курма кургатуу, өрүк майын өндүрүү жана өрүк как даярдоо багытында иш алып барууда. Даяр продукциялар өлкө боюнча таратылууда.
Ишмердүүлүктү кеңейтүү үчүн донорлор тарабынан 2 млн сом, ал эми Өнүктүрүү фондунан 300 миң сом каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Учурда өндүрүш көлөмүн көбөйтүү иштери жүрүп жатат.