
Ысык-Көл региондук архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы Чолпон-Ата шаарында курулуш объекттерине жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Текшерүүдө Совет көчөсүндөгү 283-даректе жайгашкан май куюучу станция уруксат берүүчү документтерсиз реконструкцияланып жатканы жана курулуш нормалары сакталбаганы аныкталган. Бул “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын бузулушу деп бааланган.
Натыйжада “Клайм Групп” ЖЧКсына 200 миң сом жана объектти мыйзамсыз пайдаланганы үчүн кошумча 23 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, объектти демонтаждоо жана жер тилкесин баштапкы абалына келтирүү боюнча сотко доо арыз берилди.
Башкармалык курулуш эрежелерин так сактоого чакырууда.