
Президент Садыр Жапаров 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош – Кара-Суу автожолунун курулуш иштеринин жүрүшүн көрдү.
Учурда жолду кеңейтүү жана эски асфальтты алуу иштери жүрүп жатат. Долбоордо тротуарлар, велосипед жолу, ортосуна бөлүүчү тосмолор жана толук жарыктандыруу каралган.
Төрт тилкелүү жол өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, тыгындарды азайтып, коопсуздукту жакшыртат. Бул Кара-Суу районуна каттамды жеңилдетип, жүк жана жүргүнчү ташууну тездетет.
Президент курулушту жыл аягына чейин бүтүрүүнү жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.