
КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында жасалма акча жасоо жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун иши токтотулду.
Топтун мүчөлөрү бир нече мамлекеттин аймагында иш жүргүзүп, жогорку сапаттагы жасалма банкнотторду даярдап, аларды кеңири таралган сатуу каналдары аркылуу жайылтып келишкени аныкталды.
Атайын операция учурунда контролдук сатып алуу маалында Өзбекстандын жараны Ю.М.Ю. жана Кыргызстандын жараны Т.у.А. кармалды. Алардан чет элдик валютадагы ири көлөмдөгү жасалма акча жана башка далил заттар алынган.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1,2-пункттары менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда кылмыштуу схеманын бардык катышуучуларын жана каналдарын аныктоо иштери уланууда.
УКМК жарандарды акча операцияларын жүргүзүүдө этият болууга чакырып, шектүү акча белгилери табылган учурда дароо билдирүүнү суранат. Жабыркагандар 0312 56-90-10 ишеним телефонуна кайрыла алышат.