
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйын учурунда борбор калаанын жол инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлорун текшерди.
Анын алкагында Чыңгыз Айтматов проспектиси боюнча жаңы кирүү жолдорун уюштуруу, ошондой эле эки жаңы көчөнү куруу пландалууда. Алар — Миңжылкыев көчөсү (1,3 км) жана Арстанбек Дүйшеев көчөсү (1,1 км).
Долбоордо светофорлорду орнотуу жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жер алдындагы өтмөктөрдү куруу да каралган.
Бишкек шаарынын мэриясы бул иштер шаардагы унаа кыймылын жеңилдетүүгө жана коопсуздукту жогорулатууга багытталганын билдирди.