
Бишкек шаарындагы Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркында 100 түп кайың көчөтү отургузулду.
Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев ардагерлер жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен бирге катышты.
Маалыматка ылайык, былтыр отургузулган көчөттөрдүн 86%ы жакшы тамыр алып, 14%ы куурап калган. Учурда шаардык питомникте 93 миңге жакын көчөт бар.
Жыл башынан бери Бишкекте 9000ден ашык дарак отургузулуп, жашылдандыруу иштери уланууда. Бишкек шаарынын мэриясы быйыл 20 миңден ашык көчөт отургузууну пландоодо.