
2026-жылдын 14-апрелинде саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Өчүрүү турак жайларга, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле бир катар конуштарга тиешелүү болот. Анын ичинде «Рабочий городок», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо» жана «Теңир-Тоо» конуштары камтылат.
Суу берүү “Гагарина” жана “Юго-Западный” суу топтомолорунда, ошондой эле шаардык түтүк тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.
Бишкексууканал тургундардан алдын ала суу камдап алууну өтүнүп, жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.