
2026-жылдын 9-апрелинде Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында органчы Мирлан Касымалиевдин «Бароккодон модернге чейин» аттуу концерти жогорку деңгээлде өттү.
Концертте барокко доорунан заманбап музыкага чейинки чыгармалар жаңырып, Бах, Мендельсон, Арво Пярт жана кыргыз композиторлорунун эмгектери аткарылды.
Иш-чарада Мирлан Касымалиевге министрлик тарабынан гүл себет жана «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси тапшырылды.
Белгилүү музыкант учурда Германиянын Берлин шаарында жашап, Европа өлкөлөрүндө активдүү концерттик ишмердүүлүк жүргүзүп келет.