
Бишкек шаардык драма театры Санкт-Петербургда өтүп жаткан «Россиядагы жолугушуулар» фестивалында Кыргызстанды таанытууда.
Иш-чара 8–12-апрель күндөрү Россия Федерациясынын Маданият министрлиги жана Санкт-Петербург маданият комитетинин колдоосу менен уюштурулуп, ага ар кыл өлкөлөрдөн театрлар катышууда.
А. Умуралиев атындагы театр фестивалда Фёдор Достоевскийдин чыгармасынын негизинде коюлган «Дядюшкин сон» спектаклин сунуштады. Коюлушта провинциялык турмуш, эки жүздүүлүк жана адамдык алсыздыктар темалары чагылдырылган. Спектаклдин режиссёру — Уланмырза Карыпбаев.
Мындан тышкары, театрдын директору Жолдошбек Аманкулов эл аралык конференцияга катышып жатат. Ошондой эле кызматкер Азамат Турусбек уулу «Культурная инициатива» ассоциациясынын колдоосу менен стажировкадан өтүүдө.
Бул катышуу кыргыз театр өнөрүн эл аралык деңгээлде жайылтууга жана маданий кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.