
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен Нарын шаарынан куттуктады. Мамлекет башчы майрамды биринчи айым Айгүл Жапарова жана өкмөт мүчөлөрү менен бирге белгиледи.
Өз куттуктоосунда президент Нооруз – жаңылануунун, ынтымактын жана биримдиктин майрамы экенин белгилеп, жалпы элге тынччылык, молчулук жана ырыскы каалады.
Быйылкы майрам Теңир-Тоонун жүрөгү саналган Нарын аймагында өтүп, анын тарыхый жана стратегиялык маанисине өзгөчө көңүл бурулду. Жапаров Нарын жергеси Улуу Жибек жолунун маанилүү бөлүгү экенин жана бай тарыхый мураска ээ экенин белгиледи.
Ошондой эле акыркы жылдары облустун экономикасы өсүп, жаңы ишканалар ачылып, жолдор жана социалдык объекттер курулуп жатканын айтты. Энергетика, инвестиция жана темир жол долбоорлору аймактын келечегин кеңейтерин кошумчалады.
Президент Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу ишке ашса, өлкө транзиттик мамлекетке айланып, жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыларын баса белгиледи.
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен дагы бир ирет куттуктап, өлкөгө өсүү-өнүгүү каалады.