
Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында 10-апрелде эркин күрөш боюнча таймаштар башталды.
Кыргызстандык балбандардан Эрназар Акматалиев (70 кг чейин) жана Абдымалик Карачов (57 кг чейин) жарым финалга чыкты.
Акматалиев жапониялык атаандашын 12:9 эсебинде жеңип, жарым финалда Индия өкүлү менен беттешет. Карачов болсо чейрек финалда тажикстандык балбанды 8:4 эсебинде утуп, жарым финалда Монголия спортчусу менен күч сынашат.
Жарым финалдык беттештер бүгүн 16:45те башталат.