
Бишкектик боксчу Таиланддагы эл аралык турнирде күмүш медаль жеңип алды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Арваз Ахмади 19 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн эл аралык бокстун World Boxing Futures Cup турнирине 70 килограмм салмак ченинде катышкан.
Кыргызстандык мушкер турнирге 1/16 финалдан баштап катышып, Чехия, Венгрия, Англия жана Кытай спортчуларын жеңип, финалга чыккан. Финалда Арваз Ахмади казакстандык Бибарыс Ашырбай менен беттешип, 3 раунддун жыйынтыгы боюнча калыстар жеңишти атаандашынын пайдасына ыйгарышкан







