
Кыргызстандын тайбокс боюнча жаштар жана өспүрүмдөр курама командасы Дүйнө чемпиондугунда ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүп, жалпысынан 12 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 10–20-март күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтүп, анда кыргызстандык спортчулар 6 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушкан.
Алтын медаль уткан спортчулар:
Вероника Ахматова (54 кг чейин), Диана Зайнитдинова (57 кг), Нурдөөлөт Бөрүбеков (63 кг), Роберт Пак (67 кг), Богдан Прошин (75 кг), Элдар Ешбаев (81 кг).
Күмүш медаль ээлери:
Эркаим Айбекова (60 кг), Адис Мирболотов (63 кг).
Коло медаль уткан спортчулар:
Мекин Асаналиев (57 кг), Алихан Закиров (67 кг), Рашид Магомедов (71 кг), Раул Рахатбек (71 кг).