
АКШ менен Израиль жүргүзгөн Иранга каршы аскердик операциянын жүрүшүндө жаракат алган америкалык аскер кызматкерлеринин саны 200гө жеткени маалымдалды. Бул тууралуу 17-мартта эл аралык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жарадар болгондордун 180и кайрадан кызматка кайтып келишкен. Ошол эле учурда 10 аскер оор жаракат алган бойдон калууда.
АКШнын Борбордук командачылыгы билдиргендей, жаракат алган аскерлер жети өлкөдө катталган. Алардын катарына Кувейт, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Иордания, Бахрейн, Ирак жана Израиль кирет. Учурда 13 аскер кызматкеринин каза болгону белгилүү болду.
Ал эми Reuters агенттиги ишенимдүү булактарына таянып, операция башталгандан бери АКШ Жакынкы Чыгышта 12 даана MQ-9 Reaper учкучсуз учагын жоготконун жазды.