
Бишкек шаардык соту буга чейин алты жылга эркинен ажыратылган гезиттин дизайнери Эрнис Жээнтаевди бошотту. Бул маалымат тиешелүү мекеме тарабынан тастыкталды.
Маалыматка ылайык, 26-март күнү шаардык сот анын ишин кайра карап чыгып, жыйынтыгында эркиндикке чыгаруу чечимин кабыл алган.
Эске салсак, Жээнтаев 2025-жылдын 10-ноябрында Ички иштер министрлигине караштуу тергөө органдары тарабынан кармалган. 2026-жылдын 13-февралында Биринчи май райондук соту анын ишин карап, алты жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.
Ал социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялаган билдирүүлөрүнө байланыштуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандыктарга чакырыктар) жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды сактоо) боюнча айыпталган.
Учурда иштин мындан аркы жагдайлары такталууда.