
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиев Ички иштер министрлигинде күбө катары сурак берип жатканы айтылды. Бул тууралуу анын тарапташы Орозбек Осмонов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, акыркы күндөрү тараган маалыматтарга байланыштуу Ташиев суракка чакырылып, бирок күбө катары гана көрсөтмө берип жатат. Ал бардык иш-аракеттерин мыйзам чегинде жүргүзүп жатканын белгилеген.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары экс-депутат сурак берип жатканын жазышкан. Ошондой эле буга чейин Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев «Кыргызнефтегаз» ишине байланыштуу сурак берип, камакка алынганы маалымдалган.
Ал эми Ички иштер министрлиги азырынча бул боюнча расмий маалымат бере элек.