
Ливандын "Хезболла" кыймылы Израилдин Коргоо министрлигинин Тель-Авивдеги Кирия комплексине ракеталык чабуул жасалганын жарыялады. Бул тууралуу кыймылдын Телеграм каналында кабарланды.
"Хезболланын" билдиришинче, чабуулда "ар кандай ракеталар" колдонулуп, шаардын жанындагы аскердик чалгын казармалары да бутага алынган.
"26-мартта түндө Тель-Авивдин борборундагы Израилдин Коргоо министрлигинин штаб-квартирасына чабуул жасалды",- деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, Израил менен “Хезболланын” ортосундагы чыңалуу 2-мартка караган түнү күчөгөн. Анда ливандык кыймыл Израилдин аймагына кайрадан ракеталык чабуулдарды баштаган. Жооп иретинде Израил Ливандын түштүк аймактарына, Бекаа өрөөнүнө жана Бейруттун чет жактарына масштабдуу соккуларды жасаган.
16-мартта Израил армиясы Ливандын түштүгүндө кургактагы аскердик операция башталганын расмий жарыялаган.