
Бишкек шаарында Toyota Corolla үлгүсүндөгү унааны жасалма айдоочулук күбөлүк менен башкарып жүргөн жигит кармалды. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, айдоочу жол тескөөчүлөрү токтоткондо унаасынын мамлекеттик номуру укук коргоо органдарынын бирине тиешелүү экенин айткан. Бирок текшерүү учурунда унаанын мамлекеттик номуру да, транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү да жасалма экени аныкталган.
Жыйынтыгында унаа айып короосуна токтотулуп, айдоочуга карата укук бузуу тууралуу протокол түзүлгөн. Тиешелүү материалдар юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.