
Өлкөдө ушул жылы 1-июлдан тарта 3 жашка чейинки балдарга "Бала ырысы" жөлөк пулу бериле баштайт. Төлөм үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки ар бир балага берилет. Жөлөк пулдун көлөмү ай сайын 1200 сомду түзөт.
Президент Садыр Жапаров мындай чечим жарандардын көптөгөн кайрылууларына жооп катары кабыл алынганын жана баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөрдү колдоого багытталганын белгилеген.
Төмөндө Эмгек министрлигинин алдын ала маалыматына таянып, дал ушул жөлөк пул, аны алуунун жол-жобосу жөнүндө сөз кылабыз.
Жөлөк пул ала турган наристелердин саны
Эмгек министрлигинин маалыматына таянсак, бул жылы "Бала ырысы" жөлөк пулу 450 миңге жакын наристеге берилет.
Кимдерге берилет?
Жөлөк пулдун бул түрүн Кыргыз жарандары жана кайрылман статусун алган үй-бүлөлөр балдарына ала алышат.
Жөлөк пул алуу шарттары
Жөлөк пулду алуу үчүн жарандар Эмгек министрлигинин райондук башкармалыктарына же Калкты тейлөө борборлоруна арыз менен кайрылуусу зарыл. Учурда "Түндүк" тиркемеси аркылуу арыз тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Көпчүлүк учурда балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү санариптик базага кирбей калгандыктан, онлайн арыз берүүдө мүчүлүштүктөр болушу ыктымал. Буга байланыштуу документтерди 1-июлга чейин иретке келтирип, санариптештирүү сунушталат.
Ал эми өтүнмөлөр 1-июлдан тарта кабыл алынат. Ошондой эле бала сөзсүз түрдө ата-энеси менен жашашы керек деген шарт бар. Тактап айтканда, ата-энелер миграцияда болбошу зарыл.
Төлөм кандай жүргүзүлөт?
Жөлөк пулдун көлөмү ай сайын 1200 сомду түзөт. Ал эми бийик тоолуу аймактарда жашагандарга төлөмдөр райондук коэффициентти эсепке алуу менен жүргүзүлөт.
Керектелүүчү документтер
Энесинин паспорту жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
Жеке идентификациялык номердин болушу шарт.
"Бала ырысы" башка жөлөк пул алган жарандарга берилеби?
Өлкөдө жөлөк пулдун эки түрүн: "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" жана "Үй-бүлөгө көмөк" алган үй-бүлөлөргө "Бала ырысы" жөлөк пулу берилбейт. Же аталган үй-бүлөлөргө жөлөк пулду тандоо укугу берилет. Тагыраагы, өздөрү үчүн пайдалуураак же ыңгайлуураак болгон жөлөк пулду тандаса болот.
"Бала ырысы" жөлөк пулу кайсы учурда токтотулат?
Төлөм төмөнкү учурларда да токтотулат:
3 жашка чейин наристе чарчап калса;
Мамлекет тарабынан толук камсыздоого алынганда;
Ата-энеси Кыргыз жарандыгынан чыгып, башка өлкөгө көчүп кеткен учурда.
Министрлик жөлөк пулду берүү механизмдери иштелип жатканын, тийиштүү документ министрлер кабинети тарабынан бекитилерин кошумчалады.