
Чүйдүн Сокулук районунда мыйзамсыз менчиктештирилген оорукананын имараты жер тилкеси менен бирге мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы аянты 226,0 чарчы метр болгон жер тилкесинде жайгашкан имарат 2007-2008-жылдары мурдагы Крупская айыл өкмөтү тарабынан мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Натыйжада, баасы 5 миллион 802 миң 307 сомду түзгөн имарат жер тилкеси менен биргеликте Сокулук райондук ооруканасына бекитилип берилген.