
.
Бишкек шаарында ири көлөмдөгү таштандыларды чыгаруу боюнча өткөрүлгөн эки күндүк акциянын алкагында жалпысынан 2 963,98 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын 348 тоннасы кошумча тартылган атайын техникалардын жардамы менен чыгарылган. Тактап айтканда, 20-ноябрда 198 тонна, ал эми 21-ноябрда 150 тонна таштанды чыгарылды.
Акциянын жүрүшүндө «Тазалык» муниципалдык ишканасы күнүмдүк тиричилик калдыктарын чыгарууга 115 атайын техниканы ишке тарткан. Мындан тышкары, ири көлөмдөгү таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу үчүн дагы 31 техника бөлүнгөн.
Тазалоо иштери борбор калаанын төрт районунда тең жүргүзүлүп, эски эмеректер, керексиз буюмдар, түшкөн жалбырактар жана кыйылган бак-дарактардын бутактары чыгарылган.
Белгилей кетсек, 21-ноябрь акциянын акыркы күнү болду. Мындан ары таштандыларды чыгаруу кадимки графикке ылайык жүргүзүлөт.