
Кыргызстанда кош бойлуу аялдарды бирдиктүү стандарт боюнча текшерүүгө багытталган «Үмүт» программасы ишке ашырыла баштайт. Ал түйүлдүктүн өнүгүүсүндөгү мүмкүн болгон кемтиктерди өз убагында аныктоого жана хромосомалык оорулардын тобокелдигин баалоого мүмкүндүк берет. Программа 2030-жылга чейин этап-этабы менен ишке ашырылат.
Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директорунун орун басары, профессор Шайырбек Сулайманов «Ала-Тоо Live» берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, жаңы система кош бойлуу аялдарды алгачкы күндөрдөн тартып каттоого алып, жашаган жерине карабастан бирдей медициналык стандарттар боюнча көзөмөлдөөгө шарт түзөт.
Программанын алкагында кош бойлуулар үч этап менен текшерилет:
11–13-жумада — алгачкы УЗИ жана лабораториялык анализдер жүргүзүлүп, хромосомалык бузулуулар боюнча тобокелдиктер бааланат.
18–21-жумада — түйүлдүктүн анатомиялык түзүлүшү, органдары жана ткандары эксперттик УЗИ аркылуу тереңдетилген тартипте текшерилет.
30–34-жумада — түйүлдүктүн абалы бааланып, кош бойлуулуктун акыркы мезгилиндеги мүмкүн болгон татаалдашуулар аныкталат.
Өзгөчө көңүл Даун, Эдвардс жана Патау синдромдорун эрте аныктоого бурулат.
Сулайманов белгилегендей, учурда мындай оорулардын тобокелдигин аныктоочу айрым лабораториялык изилдөөлөр негизинен жеке медициналык мекемелерде акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Ал эми тереңдетилген УЗИ диагностикасы бардык аймактарда жеткиликтүү эмес.
Жаңы программанын алкагында акушер-гинекологдорду, медициналык генетиктерди, УЗИ жана лабораториялык диагностика адистерин даярдоо каралган. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында эки референс-лаборатория түзүлөт. Ал жакка алгачкы текшерүүдөн кийин тобокелдик аныкталган кош бойлуу аялдар жөнөтүлөт.
Мындан тышкары, ар бир кош бойлуу аялды каттоого алынган күндөн тартып төрөткө чейинки мезгилде көзөмөлдөө үчүн санариптик маалымат базасы түзүлөт. Учурда программаны ишке ашыруу үчүн тиешелүү ченемдик-укуктук документтер, клиникалык протоколдор жана көрсөтмөлөр даярдалууда.
Ал эми №2 клиникалык төрөт үйүнүн башкы дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Рыскүл Асакиева бүгүнкү күндө кош бойлуу аялдардын дээрлик бардыгы негизги скринингден өтөрүн, бирок олуттуу тубаса кемтиктерди жана хромосомалык бузулууларды аныктоочу тереңдетилген текшерүүлөр кымбат болгондуктан, аялдардын 30 пайызга жакыны гана өтөрүн белгилеген.
Профессордун айтымында, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна өлкөнүн ар кайсы аймактарынан кош бойлуулугу татаалдашкан аялдар түшөт. Перинаталдык борбордогу бейтаптардын 70 пайызга жакынын аймактардын тургундары, 30 пайызын Бишкек шаарынын тургундары түзөт. Айрым учурларда аялдар мурда медициналык каттоодо турганына карабастан, кош бойлуулуктагы көйгөйлөр кеч аныкталат.
Ошондой эле адис кош бойлуулукка алдын ала даярдануунун маанилүүлүгүн белгилеп, үй-бүлөнү пландоо аялдын гана эмес, эки өнөктөштүн тең жоопкерчилиги экенин кошумчалады.