
.
Бишкекте электроскутердин айдоочусу тротуарда бара жаткан 11 жаштагы кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Жол кырсыгы 16-ноябрда «Восток-5» кичи районунда болгон. Айдоочу жабыркаган балага жардам көрсөтпөстөн, окуя болгон жерден из жашырган.
Кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Окуянын бардык жагдайлары такталууда.



