
.
Кыргызстанда 2026-жылдын январь-октябрь айларында үй-бүлөлүк зомбулуктун 23 миң 414 фактысы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 миң 160 учурга же 28,3 пайызга көп.
Маалыматтарга караганда, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча 7 миң 432 протокол түзүлүп, сотторго жөнөтүлгөн. Анын негизинде 3 миң 901 адам камакка алынса, 2 миң 362 адам коомдук жумуштарга тартылган.
Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча 31 кылмыш иши козголгон.
Белгилей кетсек, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактылары акыркы жылдары өсүүдө. 2024-жылы 17 миң 316 учур катталып, бул 2023-жылга салыштырмалуу 32,1 пайызга көп болгон.
Ал эми 2025-жылы мындай фактылардын саны 22 миң 152ге жеткен. Былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголуп, анын кесепетинен 458 аял, 104 бала жана 94 эркек жабыркаганы аныкталган.



