
.
2024-жылдын 21-февралында УКМК Улуттук госпиталдын кош бойлуу медайымын сабады деп шектелген Барчынай Айтиеваны кармаган. Ошол учурда 24 жаштагы С.к.А. окуядан кийин кош бойлуулугун сактап калуу үчүн ооруканага жаткырылганын билдирген. Айтиевага карата КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 13 сааттан кийин сот аны үй камагына чыгарган. УКМК Айтиеванын кармалганы тууралуу коомчулукка 22-февралда маалымдаган, бирок кийинчерээк эки баскычтагы сот аны күнөөсүз деп таап, актоо өкүмүн чыгарган.
«АКИpress» редакциясына берген маегинде Барчынай Айтиева Улуттук госпиталда чындыгында эмне болгонун айтып берди. Айтиева өзү дагы медицина кызматкери. Окуяга чейин ал Москва шаарындагы ооруканалардын биринде акушер-гинеколог болуп иштеген. 2024-жылдын февралында ал өргүүсү аяктаганына байланыштуу кайра Орусияга кетүүнү пландап жаткан.
«Мен кетерден мурун классташтарым кайрылып, бала кездеги досумдун таанышы жана классташы Б.А.га жардам берүүнү суранышты. 2023-жылдын октябрында алар жол кырсыгына кабылып, мунун кесепетинен досум каза болуп, Б.А. жаракат алган. Ал Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнүн дарыгерлери колуна туура эмес операция жасаганын айтып, медициналык маалым каттарды жана сүрөттөрдү көрсөттү. Мен чындап эле катачылыктарды байкап, ага Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылууну сунуштадым, ошондо аны текшерүүдөн өткөрүп, андан ары дарылоо үчүн Бишкек шаардык клиникалык ооруканасына (мурдагы Травматология жана ортопедия илимий борбору) жөнөтүшмөк. Б.А. кайрылуу жазууга жардам берүүмдү суранды. 2024-жылдын 15-январында биз мекемеге кат жолдоп, ал киши майып болуп калбашы үчүн квалификациялуу адисти тартууну суранганбыз», - деп эскерет Айтиева.
Анын айтымында, министрликке кайрылгандан кийин Улуттук госпиталдын кызматкерлери өздөрү бейтапты чакырып, кайра операция жасоону сунушташкан.
«Травматология бөлүмүнүн башчысы байланышты. Саламаттыкты сактоо министрлигине арызды мен жазганымды билгенден кийин, ал жолугушууну сунуштады. Андан тышкары, ал операция толугу менен видеого тартылып, кийин жазууларды бизге берерин убада кылды. Ал операциялык бөлмөлөрдө камералар бар деп ишендирген, бирок кийинчерээк алар жок экени белгилүү болду. 2024-жылдын 13-февралынан 15-февралына чейинки аралыкта Б.А.га кайра операция жасашты. Операция болуп жатканда мен палатада болчумун. Бейтаптардын биринде тамчылатма дарыга (капельница) реакция болду. Мен ага биринчи жардам көрсөтүп, медайым издегени кеттим. Кийин мен ага чогуу куюуга болбой турган эки дары аралаштырылганын эскерттим. Медайым эскертүүмө агрессивдүү жооп берип, баарын дарыгердин көрсөтмөсү менен жасап жатканын айтты. Талашка кийинчерээк дарыгер А.У. кошулду. Ал мага Москвада бул дарыларды чогуу куюу кабыл алынбаганы менен, Кыргызстанда болот деди. Дарыгер А.У. алардын ишине кийлигишпөөнү талап кылды», - деди ал.
Бир нече күндөн кийин Б.А. кайрадан Айтиевага операциядан кийинки тигиштердин абалына байланыштуу даттанган. Ал бөлүм башчысы менен байланышканында, ал ага 19-февралда саат 10:00дө ооруканага келүүнү сунуштаган.
«Дарыгер А.У. мага бөлүм башчы таанышым менен кошо кирүүгө уруксат бергенин эскерткенимде мени таңуучу бөлмөгө чакырды. Бирок бөлмөнүн эшигине жеткенибизде, дарыгер күтүлбөгөн жерден мен инфекция алып киришим мүмкүн экенин айтты. Ошондо мен анын көңүлүн медайым С.к.А. бет кабы жана кол кабы жок иштеп жатканына бурдум. Дарыгер медайымды жактап чыкты, ал эми медайым мага ачууланды. Таңуучу бөлмөгө киргизбей турганын түшүнүп, мен медайымдан жараны сүрөткө тартып коюуну сурандым жана телефонумду сундум. Бирок ал телефонумду таанышым отурган кушеткага ыргытып жиберди, муну ал колу стерилденгендиктен бөтөн буюмдарга тийүүгө болбой турганы менен түшүндүрдү. Мен андан кол кабы жок иштеп жатса, колу кантип стерилденген бойдон кала аларын сурадым», - деп билдирди Айтиева.
Аялдын айтымында, медайым аны коридорго түртүп чыгарып, таңуучу бөлмөнүн эшигин жаап алган. Бир канча убакыттан кийин анын таанышы чыгып, жаранын сүрөттөрү бар телефонду ага берген.
«Тынчтануу үчүн таанышым жаткан палатадагы дааратканага кирдим, ал эми Б.А.нын өзүн рентгенге алып кетишти. Мен чыкканымда медайым С.к.А. агрессивдүү түрдө палатадан чыгып кетишимди талап кыла баштады. Ага дарыгер М.О. кошулду. Ал кыйкырып, мени кемсинтти. Бирок менин жеке буюмдарым таңуу жасалып жаткан бейтаптын жанында болчу. Мен сумкамды алдым, сырт кийимимди кийинчерээк алуу үчүн калтырып, алар бет капсыз жана кол капсыз таңуу жасап жаткандыктан, стерилдүүлүк эрежелерин сактоо боюнча дагы бир жолу эскертүү жасадым. Ошондо С.К.А. чуркап келип, мени түртүп жиберди. Мен эч кимге кол салган жокмун», - деди Айтиева.
Үйүнө бара жаткан жолдо ага милициядан чалып, ага карата арыз түшкөнүн билдиришип, андан Биринчи май РИИБдин 5-шаардык милиция бөлүмүнө келүүнү суранышкан. Айтиева милицияга келип, ал жерде тергөөчү эки тарапты тең суракка алып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Көрсөтмө бергенден кийин баарын коё беришкен.
«Чындыгында алар менин кесиптештерим, буга карабастан, алар мага жалаа жаап, аброюма шек келтирүүнү чечишти. 21-февралда Б.А. мага жазып, Улуттук госпиталга келип, керектүү дары-дармектерди алып келүүнү суранды. Ал ошондой эле медициналык кызматкерлер менден кечирим сурагысы келип жатканын билдирди. Мен бардым, керектүү нерселердин баарын өткөрүп берип, кетейин деп жаткам, бирок таанышым зеригип жатканын айтып, калууну суранды. Болжол менен 20 мүнөттөн кийин УКМКнын кызматкерлери келип, мени кармап кетишти. Мага басым жасалды, жыйынтыгында үй камагына чыгарылышым үчүн күнөөнү мойнума алууга аргасыз болдум. Мени убактылуу кармоочу жайга киргизгенден кийин гана УКМКнын тергөөчүсү прокуратурадан ишти аларга өткөрүп берүүнү суранды. Мен бул окуя алардын компетенциясына кирбейт деп эсептейм. Кийинчерээк сот аларга аныктама жөнөткөн, бирок УКМК бүгүнкү күнгө чейин жооп бере элек.
Тергөө эки айга жакын уланды. Бул убакыт аралыгында соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы белгилүү болуп, ага ылайык, медайым С.к.А.да эч кандай жаракаттар жок экени аныкталган. Ага карабастан, кылмыш иши созулуп, сотко өткөрүлүп берилген. 2024-жылдын 1-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мага карата актоо өкүмүн чыгарган, ал эми 2-декабрда Бишкек шаардык соту аны күчүндө калтырган. Ошол кезде, 22-февралда менин кармалганым тууралуу сүрөтүм менен пресс-релиз таратылган. Актоо өкүмдөрүнө карабастан, УКМК менин ар-намысыма жана кадыр-баркыма шек келтирген маалыматты өз аянтчаларынан азыркыга чейин өчүрө элек. Буга байланыштуу мен УКМКнын тергөөчүсүнүн аракеттерине даттанып Аскер прокуратурасына кайрылдым, ошондой эле акыйкаттыкка толук жетишүү үчүн президент Садыр Жапаровго кат жолдодум», - деп жыйынтыктады Айтиева.
Булак: Акипресс